• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

"Туризм жөнүндө" мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда колдоо тапты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.11.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Туризм жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, кабыл алды.

Мыйзам долбоору министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген.

Мыйзам долбоору Кыргызстанга Евразия экономикалык бирлигинин алкагында туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун толук кандуу катышуучусу болууга мүмкүндүк берүүчү укуктук негиздерди түзүүгө багытталган.

Мыйзам долбоору менен негизги түшүнүктөрдү камтыган 1-беренеге өзгөртүүлөр киргизилүүдѳ: “турист” түшүнүгүнүн аныктамасында “жаран” деген сөз “келген жак” болуп өзгөрөт, анткени турист Кыргызстандын же башка мамлекеттин жараны эмес жак дагы болушу мүмкүн. Турист статусун алуу үчүн барган жеринде 24 саат болуу зарылдыгы жокко чыгарылууда - азыркы учурда катышуучулары туристтер болуп эсептелген кыска мөөнөттүү, бир нече саатка созулган турлар кеңири жайылууда.

Пикир

Оставить комментарий