• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

АКШ Конгресси КЭДРди терроризмдин демөөрчүлөрүнүн тизмесине киргизүүнү колдойт

Дүйнө 0

Бишкек, 30-март /Кабар/. АКШ конгрессинин өкүлдөрүнүн чет элдик иштер боюнча комитети КЭДРди терроризмге демөөрчү-өлкөлөрдүн тизмесине киргизүүнү бир добуштан колдошту. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Мындан тышкары, комитет Түндүк Кореяга карата санкцияларды күчөтүүнү жана континенттер аралык баллистикалык ракеталарды иштеп чыгууну айыптоону колдоп чыкты.

Комитеттин төрагасы, республикачы Эд Ройс “бүгүн сунушталган чаралар мамдепартаментти КЭДРди терроризмге демөөрчү-өлкөлөрдүн тизмесине кайрадан киргизүү боюнча чечим кабыл алууга түртөрүн” билдирди.

Белгилей кетсек, КЭДР АКШнын терроризмге демөөрчүлүк кылган өлкөлөрдүн тизмесине 1987-жылы натыйжасында 115 адам каза болгон түштүк кореянын учагын кыйратуудан кийин киргизилген. Бул жардыруу КЭДР атайын кызматтарынын агенттери тарабынан жасалган деп эсептелет. 2008-жылы АКШнын мурдагы президенти Джордж Буштун администрациясы КЭДР терроризмге демөөрчү-өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарылгандыгын жарыялаган. Мындай чечим МАГАТЭ эксперттерине агенттик билдирген Пхеньяндын бардык ядролук объекттери жеткиликтүү болору тууралуу келишимден кийин кабыл алынган.

Учурда терроризмди колдогон өлкөлөрдүн америкалык тизмесине Иран, Сирия жана Судан мамлекеттери кирет.

Булак: РИА Ноости

Пикир

Оставить комментарий