• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

АКШнын соода комиссиясы "Фейсбукка" байланыштуу иликтөө баштады

Дүйнө 0

Бишкек, 27.03.18 /Кабар/. "Фейсбуктагы" колдонуучулардын жеке маалыматтарынын корголбогону тууралуу кабар чыгып кеткенден кийин АКШнын Федералдык соода палатасы иликтөөсүн баштаганы тууралуу маалымат мекеменин сайтына жарыяланды.

Комиссия соцтармактын жетекчилиги колдонуучулардын маалыматтарын кантип коргоп жатканын текшергени жатат. Буга чейин журналисттер британиялык "Cambridge Analytica" фирмасын Доналд Трамптын шайлоо өнөктүгү маалында "Фeйсбуктун" 50 миллиондой кардарынын маалыматтарын мыйзамсыз колдонгону үчүн айыпташкан.

"Channel 1" телеканалынын иликтөөсүнө караганда, саясий консалтинг кызматын көргөзгөн ал компания дүйнө жүзү боюнча 200дөн ашуун шайлоо алдындагы үгүт иштерине, анын ичинде Нигериядагы, Кениядагы, Чехиядагы жана башка жерлердеги өнөктүктөргө катышкан. Ал талапкерлер жөнүндө жалган маалымат, компромат таратуу үчүн пара алганы тууралуу маалымат тараган.

"Фейсбук" колдонуучуларынын жеке маалыматтарын кыянаттык менен пайдалануу жөнүндө кабар нааразылык жаратты. Айрымдар ал түгүл эки компанияны тең сотко берээрин билдиришти.

"Фейсбуктун" негиздөөчүсү Марк Цукерберг анын компаниясы колдонуучулардын маалыматтары үчүн жоопкерчиликти өзүнө алаарын, аларды коргош үчүн кошумча чаралар көрүлөрүн 22-мартта өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасында жазган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий