• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аксы окуяларында каза болгон жана жабыркаган үй-бүлө мүчөлөрүнө жөлөкпул кайра эсептелди

Коом 0

Бишкек, 26.03.24. /Кабар/. 2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда болгон окуялардын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга төлөмдөрдүн өлчөмү жогорулагандыгына байланыштуу кайра эсептөө жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, кошумча социалдык жөлөкпулдардын бул түрүнүн өлчөмү 3 700 сомдон 4 500 сомго чейин көбөйтүлгөн.

Ушул жылдын март айында 20 алуучуга ведомство кайра эсептөө менен 186,9 миң сом төлөп берген.

Пикир

Оставить комментарий