• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэри Биринчи май районунун тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Коом 0

Бишкек, 26.03.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Биринчи май районундагы М.Ганди, М.Рыскулов, Ю.Фучик, Васильевский тракт, Д.Асанов, Заводская, Чимкентская, Республиканская, Жумабек, Харьковская көчөлөрүнүн тургундары менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынга ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева, Биринчи май районунун акими Сарылбек уулу Улан жана ведомствого караштуу жана аймактык бөлүмдөрдүн өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү айтышты, тактап айтканда, көчөлөрдү оңдоо жана асфальттоо, Республиканская жана Победа көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бакты сактоо, газдаштыруу, жер амнистиясынын алкагында кызыл китептерди чыгаруу, №41 мектептин жанына тротуар куруу, ошондой эле №26 автобустун каттамын узартуу маселеси көтөрүлдү.

Соңунда мэр Айбек Жунушалиев шаар тургундары тарабынан айтылган бардык маселелерди көзөмөлгө алууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий