• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 13.11.23. /Кабар/. Аксы районунун Тосту айылындагы Ак-Терек участкасында кубаттуулугу 500 кВт болгон чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, чакан ГЭСтин расмий ачылышына президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

ГЭС жергиликтүү жеке ишкер Нурлан Ормонов тарабынан куруп, 750 миң доллар өлчөмүндөгү каражат жумшалган.

Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү бул демилге президенттин койгон тапшырмасын ишке ашыруу менен өлкөдөгү электр энергиясына болгон муктаждыкты жөнгө салуу аракети экенин белгиледи. Алдыда чакан ГЭС куруу демилгеси бар ишкерлерди ар тараптуу колдоо аракети дагы да уланаарын айтып, облустун энергетика жаатындагы артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.

Кашка-Суу айыл аймагынын Тосту айылындагы жаңы чакан ГЭСте өндүрүлгөн электр энергиясы жергиликтүү калктын кошумча керектөөсүнө жумшалмакчы.

Пикир

Оставить комментарий