• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көл облустук ооруканасында оңдоо иштерин жүргүзүү пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 21.07.20. /Кабар/. Ысык-Көл облустук ооруканасында оңдоо иштерин жүргүзүү пландалууда. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров билдирди.

"Облустук оорукананын көз оорулар жана онкологиялык оорулар үчүн бөлүмүнүн абалы начар болуп, капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү зарыл болгондуктан бейтаптарды кабыл алууга мүмкүнчүлүк болбой жаткан. Оорукананы капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн республикалык бюджеттен 13,5 млн бөлүү боюнча сүйлөшүүлө жүрүп жатат. Каржы маселеси чечилсе оңдоо иштери башталмакчы. Учурда облустук ооруканада 180 орун болсо, оңдоо иштеринен кийин кошумча 150 орун пайда болот", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий