• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аксыда белгисиз бирөөлөр кайне менен келинди өлтүрүп кетишти, 26 жаштагы кыздын абалы оор

Аймак 0

Ош, 16.11.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Алай районунун Авлетим айыл аймагындагы Коргон айылында 13нөн 14-ноябрга караган түнү белгисиз бирөөлөр эки аялды өлтүрүшкөн, үчүнчүсү оор абалда. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ИИБнин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя тууралуу милиция кызматкерлерине коңшулар билдиришкен. Бишкекте иштеп жүргөн каза болгон аялдын баласы апасына чалып, байланыша албаган соң, коңшусуна чалып, үйдөн кабар алып коюусун суранган.

“Үйгө келген коңшусу эки аялдын жансыз денеси жана жаракат алган кызды көрүп дароо ИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кабар берген. Учурда 26 жаштагы кыз аймактык ооруканада оор абалда жатат. Бирок айрым ЖМКда маалымдалгандай, каза болгон жок”,-деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, бүгүн айрым ЖМКда 26 жаштагы кыздын өлгөндүгү тууралуу маалымат чыккан.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда укук коргоо органдары ыкчам-иликтөө ишин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий