• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Парламентте чоң үйлөрдү сатып алып, аларда бала бакча ачуу сунушталууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.11.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. “Келгиле чоң үйлөрдү сатып алып, аларды бала бакчага айлантабыз”,-деп билдирди бүгүн жыйында депутат Ирина Карамушкина.

“Бул мамлекет үчүн курганга караганда арзан түшөт. Эмне үчүн ири уюмдар, ар кандай фонддор чоң тамдарды сатып алып, ал жакты бала бакча кыла алышат, ал эми мамлекет болсо жок? Бир көчөдө 10-15 жеке бала бакча бар. Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан курулган бала бакчалардын саны козу карындай көбөйүп жатат, бирок алардын мектептери динге ыктайт”,-деди Карамушкина.

Мамархкурулуш өкүлдөрү билдиришкендей, Сауд өнүктүрүү фонду мектептерди жана бала бакчаларды алардын долбоору менен куруп жатат. “Алар бизге биздин долбоор боюнча куруп жатат. Билим берүү жаатында ал мектептерде эч кандай диний багыт жок”,-деп билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий