• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аксыда майыптыгы бар 10 жаранга атайын арабалар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 28.11.22. /Кабар/. Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүндө майыптыгы бар 10 адамга майып арабалар тапшырылды. Бул тууралуу райондук администрациянын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай иш-чара жыл сайын айыл аймактагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана майыптуулугу бар жарандарга көмөк көрсөтүү үчүн өткөрүлүп келет.

"Үч-Коргон айыл өкмөтү быйылкы жылы аялуу катмардагы 15 кишиге майып араба алып берүүнү пландап, эл аралык уюмдарга кайрылышкан. жазылган долбоор колдоого алынып, 10 атайын көп функцияналдуу араба алып беришти. Айыл аймактагы түзүлгѳн атайын комиссия тарабынан карап чыгып, арабага муктаж болгон 10 киши тандалып, тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, Үч-Коргон айыл аймагында майыптыгы бар 193 жаран бар. Алардын ичинен 92си 18 жашка чейинкилер.

Пикир

Оставить комментарий