• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акыйкатчы институту Тажикстанда соттолгон эки кыргызстандыкты экстрадициялоо боюнча башкы прокурорго кайрылды

Коом 0

Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. Акыйкатчы институту Кыргызстандын соттолгон эки жаранын Тажикстандан экстрадициялоо маселеси боюнча башкы прокурорго кайрылды.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, Лейлек районунун Н.А. аттуу тургуну акыйкатчынын орун басары Альберт Колоповдун кабыл алуусунда болуп, күйөөсү А.С. жана агасы С.Н.нын укуктарын коргоп берүү өтүнүчүн билдирди.

Кайрылууда айтылгандай, 2021-жылдын 16-сентябрында А.С. жана С.Н. Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитети тарабынан кармалган. Арыз ээси жакындарын коңшу мамлекеттин аймагында калтыруу кооптуу деп эсептегендиктен жаза мөөнөтүн андан ары өтөө үчүн Кыргызстанга которууга көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.

Акыркы маалыматтар боюнча, аларга биринчи инстанциядагы сот өкүмү чыгып, ага ылайык, С.А. 18 жылга, ал эми Н.С. эки жылга эркинен ажыратылган. Соттолгондор өздөрүнө тагылган айыптарды саясий куугунтук, негизсиз деп эсептеп, жогорку инстанцияга апелляциялык арыз берүүдөн баш тартышты.

Жогорудагылардын негизинде, Акыйкатчы институту өкмөттүн “Соттолгондорду жазаны андан ары өтөө үчүн эркиндигинен ажыратуу түрүнө которуу жөнүндө конвенцияны бекитүү жөнүндө” 2001-жылдын 17-январындагы №9 токтомуна ылайык, жогоруда аталган адамдарды экстрадициялоо мүмкүнчүлүгүн кароо өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылды.

Пикир

Оставить комментарий