• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тармактык комитет санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна Имановдун талапкерлигин колдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна сунушталган Талант Иманов талапкерлигин карап, колдоду.

Алгач сунушталган талапкер тууралуу маалымат менен президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды. Талкуу маалында депутаттар мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштеген органдардын ишинин натыйжалуулугун арттыруу, мекемелелер аралык электрондук өз ара байланыш системасын жакшыртуу, аймактардагы калкты тейлөө борборлорунун ишин алдыга жылдыруу багытындагы ойлору менен бөлүшүштү.

Айтылган маселелерден кийин сунушталган Талант Имановдун талапкерлиги колдоого алынды.

Андан тышкары, тармактык комитеттин мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын жол кыймылы жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү карап, кабыл алды.

Пикир

Оставить комментарий