• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акыйкатчы кызматына КСДП фракциясы Т.Мамытовдун талапкерлигин сунуштайт

Коом 0

Бишкек, 14.09.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештин дагы бир фракциясы акыйкатчы кызматына кимдин талапкерлигин сунуштай тургандыктарын аныкташкан. “Кабар” агенттигине КСДП факциясынын депутаты Дастан Бекешов билдиргендей, алардын партия Токон Мамытовдун талапкерлигине токтолушкан.

КСДП партиясы акыйкатчы кызматына талапкерди тандоо маселесин бүгүн карап чыккан. Бардыгы болуп фракцияга 8 арыз түшкөн.

Токон Мамытов учурда Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасы. Мурда вице-премьер-министр, Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы жана Улуттук коопсуздук министринин орун басарлыгы кызматтарын ээлеген.

Белгилей кетсек, “Ата-Мекен” фракциясы да өз талапкерин аныктаган. Алар мурда БШКнын мүчөсү болгон Канатбек Азиздин талапкерлигине токтолушкан.

Кубат Оторбаев 2018-жылдын 26-июнунда акыйкатчы кызматынан кетүү тууралуу арызын жазган.

Пикир

Оставить комментарий