• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров: 2023-жылы тарыхый этаптан өттү — өлкөнүн ИДПсы 1,2 трлн сомду түздү

Өкмөт 0

Бишкек, 26.01.24. /Кабар/. 2023-жылы тарыхый этап өттү. Өлкөнүн ИДПсы 1 триллион 228 миллиард 900 миллион сомду түзүп, өсүү темпи 6,2%ды түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Белгилей кетсек, жыйынга КР президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле райондук администрациялардын башчылары-акимдер катышты.

«Өткөн жылы 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүшү 6,5% түздү. Бирок Улуттук статистика комитети такталган жыйынтыктарды жарыялады, ага ылайык ИДПнын өсүү темпи 2022-жылы 9%ды түздү. Ошентип, 2023-жылы 6,2% өсүү темпи тактоодон кийин бир топ жогору болот деп ишенебиз. Эл аралык институттар да жакшы баа беришти. Негизги каржы институту болгон Эл аралык Валюта Фонду “Кыргыз Республикасынын экономикасы 2022-жылы жакшы көрсөткүчкө ээ болуп, 6,3% өсүү темпин камсыз кылды, бул 2013-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч, ошондой эле уюм 2023-2024-жылдарга оң прогноздорду да берди», — деди министрлер кабинетинин башчысы.

Акылбек Жапаров 2023-жылы консолидацияланган бюджет 575 миллиард сомдон ашык сумманы түзсө, 2024-жылы 600,7 миллиард сом пландалып жатканын кошумчалады. Жалпысынан 2020-жылга (248 млрд) салыштырмалуу 2024-жылы бул көрсөткүч 353 млрд сомго көп болот (2021, 2022, 2023 - 2,5 жылда 329 млрд сомго көп).

«2030-жылга карата ИДПны 30 млрд долларга жеткирүү үчүн жыл сайын 9-11,5% өсүү темпин басып өтүү керек. Албетте, мындай темпти сактап калуу кыйын, бирок ага жетише алабыз. Жетишүү үчүн

200 миллиард доллар чегинде жетүү үчүн ИДПнын өсүү темпи жылына орточо 10,3% болушу керек», - деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишинде жогорку көрсөткүчтөрдүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Жаңы жумуш орундарын түзүү артыкчылыктуу милдет», - деп өз сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий