• 88.68
  • 95
  • 0.95

Оштун мэриясы БУУӨП менен эки тараптуу кызматташтыкты бекемдейт

Аймак 0

Бишкек, 26.01.24. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) менен эки тараптуу кызматташтыкты бекемдейт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов менен БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьеванын жолугушуусу болду.

Анда тараптар жарандардын жыргалчылыгы үчүн биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда эки тараптуу байланыштарды чыңдоону талкуулашты.

Замир Юсупов Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы шаар тургундарынын турмушун жакшыртууга багытталган ар кандай долбоорлорду ишке ашырууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, Ош шаарынын мэриясы ар дайым эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө, социалдык демилгелерди колдоого даяр экенин билдирди.

Жыйында мындан сырткары жаштардын “коворкинг” борборун курууга көмөк көрсөтүү, шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү мүмкүнчүлүгүн кароо, зарыл болгон аймактарда жаңы өрт станцияларын куруу сунуштары айтылды.

Александра Соловьева шаар бийлигин жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, шаардын стратегиялык маанисин белгилеп, туруктуу өнүктүрүү максаттары (ТӨМ) боюнча өз ара аракеттенүүнүн алкагында климаттын шаар турмушуна тийгизген таасирине өзгөчө көңүл бурууну, өз ара аракеттенүүнүн инновациялык форматтары, анын ичинде эл аралык донорлор менен биргеликте аракеттенүүнү сунуштады.

Жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий