• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мурдагы аялынын кулак-мурдун кескен жаран 20 жылга эркинен ажыратылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.01.24. /Кабар/. Мурдагы аялынын кулак-мурдун кескилеген жаран 20 жылга эркинен ажыратылды.

Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Сокулук райондук сотунун бүгүн, 26-январдагы өкүмү менен айыпталуучу Э.А.Э.га 80 миң сом айып салуу менен 20 жылга эркинен ажыратуу жазасы белгиленди.

Ал жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт. Ошондой эле сот айыпталуучудан жабырлануучунун пайдасына 2 млн сом өндүрүү чечимин чыгарды.

Белгиленгендей, айыптоо беренелеринде өмүр бою эркинен ажыратуу түрүндөгү жазалоо каралган эмес.

Эскерте кетсек, окуя 2023-жылы сентябрда болгон. Мурдагы күйөөсү аялынын кулак-мурдун кесип, денесине оор зыян келтирген. Аялга 8 саат операция жасалган.

Пикир

Оставить комментарий