• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Бонецкий лабораториясынын Оштогу филиалынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 21.03.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Бонецкий лабораториясынын Ош шаарындагы өндүрүш филиалынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Лабораториялык диагностика кызматтары Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын жашоочулары үчүн жакын жана жеткиликтүү болушу үчүн компания өзүнүн жаңы өндүрүштүк лабораториясын Ош шаарында ачты.

Белгилей кетсек, Бонецкий лабораториясы менен Саламаттык сактоо министрлиги калкка жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү үчүн аракеттерин бириктирген. Биргелешкен меморандумга ылайык, мамлекеттик медициналык мекемелерден атайын жолдомо алган бардык бейтаптар лабораторияда 50%га чейин арзандатуу менен анализдерди тапшыра алат.

Пикир

Оставить комментарий