• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев: Аймактарды өнүктүрүү бир нече жылдарды талап кылат

Өкмөт 0

Бишкек, 28.02.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарында өтүп жаткан «Кыргыз Республикасы: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» аттуу конференциянын ишине катышты.

Өкмөт башчы аймактарды өнүктүрүү маселелерин талкуулоо үчүн атайын конференцияны өткөрүү жөнүндө Президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси актуалдуу жана өз убагында болгонун баса белгиледи.

«Аны өткөрүү жөнүндө идея мурдатан айтылып, бирок ар кандай себептерден улам ишке ашырылбай келген. Эгерде биз конференцияны ошол кезде өткөрүп, аймактарды өнүктүрүүгө тийиштүү көңүл бурсак, анда бүгүн таптакыр башка көрсөткүчтөр менен чыкмакпыз, - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. – Көз карандысыздыкка жетишкенден бери бизде аймактарды шайлоо жана башка маанилүү саясий окуялар учурунда гана эске алууну адат болуп калган. Бул жылдар бою жер-жерлерде экономикалык жана социалдык маселелерди чечүү боюнча чаралар көрүлгөн эмес».

Өкмөт башчы белгилегендей, атамекендик айыл чарба узак жылдар бою кризисти кечирди, ал эми ири жамааттык чарбалар начарлап кеткен.

«Бул жылдар аралыгында региондордогу калкыбыз өзү менен өзү болуп, бардык кыйынчылыктардан талыкпас эмгеги аркылуу өтүп, өзүн өзү багып келди. Ошону менен бирге айрым дыйкан чарбалар бүгүнкү күндө өндүрүштүн жана ишти уюштуруунун заманбап технологияларын киргизип жатышат. Мен мекендештерибизге чыдамкайлыгы жана эмгекти сүйгөндүгү үчүн ыраазычылык билдиргим келет, - деди Премьер-министр. – Сиздер айылдардагы, райондордогу жана шаарлардагы көйгөйлөрдү баарынан жакшы билесиздер. Бир жылда биз көп нерсе жасадык, бирок аймактарды өнүктүрүү бир нече жылдарды жана зор күч-аракеттерди талап кылат. Биз айылдарда кызмат көрсөтүү сапаты шаарлардан айырмаланбашы үчүн саламаттык сактоо жана билим берүү маселелерин чечүүгө тийишпиз. Көп жумуш орундарын түзүп, калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча масштабдуу иштерди жүргүзүп жана өлкөдө сугат жана ичүүчү суу жок болгон бир дагы айылдын калбашына жетишүүбүз зарыл».

Өкмөт башчы белгилегендей, жакында эле Өкмөт тарабынан ээлеген кызматтарын жеке менчиги катары караган жана өз ишине берилбеген райондук администрациялардын бир катар жетекчилерине карата катуу чаралар көрүлдү.

«Мындай чаралар эми дагы көрүлөт. Жер-жерлерде чечүү зарыл болгон бир катар маселелер бар. Өкмөт саясатты түзүп, өнүктүрүү векторун аныктайт. Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери мамлекеттин багытын түздөн-түз жүзөгө ашыруу менен алектенүүгө тийиш. Биз аймактарды өнүктүрүү багытын алдык жана силерге бардык зарыл ыйгарым укуктарды сунуштап жатабыз. Биз керектүү натыйжага жетишүү, өлкөбүздү алга жылдыруу жана аймактарда адамдардын жашоо сапатынын деңгээлин жакшыртуу үчүн күч-аракеттерибизди бириктирүүбүз зарыл», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы баса көрсөткөндөй, экономиканын көп тармактарын өнүктүрүү аймактардагы өнүгүү менен тыгыз байланыштуу жана биргелешкен жана жөнгө салынган иш аркылуу гана коюлган милдеттерге жетишүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий