• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эдил Байсалов Санкт-Петербургдун губернатору менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Өкмөт 0

Бишкек. 16.11.23. /Кабар/. Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы) жумушчу сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Санкт-Петербург шаарынын губернатору Александр Бегловдун сүйлөшүүлөрү Смольный сарайында болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыктын жана билим берүү тармагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Эдил Байсалов 2023-жылдын 21-сентябрында Бишкек шаарында ийгиликтүү өткөн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-санкт-петербург биргелешкен комиссиясынын кезектеги 12-жыйынынын ишинин маанилүүлүгүн белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары белгилегендей, Санкт-Петербург менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө байланыштуу 2023-жылы кабыл алынган чечимге ылайык, Санкт-Петербург шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу ачылган, анын иши кыргыз-санк-петербург кызматташтыгын бардык багыттарда, негизинен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда бекемдейт.

Өз кезегинде Александр Беглов акыркы жылдары, өзгөчө Кыргыз Республикасынын экономикасынын олуттуу өсүшүнө байланыштуу өз ара мамилелер чыңдалып жатканын белгилеп, тараптардын кызматташуусун өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууга даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий