• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Медиктердин кенемте төлөмдөрү кармалган. Сокулук районунун акимине сөгүш жарыяланды

Өкмөт 0

Бишкек, 13.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими Асылбек Сатывалдиевге сөгүш жарыяланды.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, тийиштүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.

Сокулук районунун акимине өзүнүн кызматтык милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбагандыгы жана Республикалык ыкчам штабдын чечимдеринин аткарылышына жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн сөгүш жарыяланган, аталган кемчиликтин натыйжасында Сокулук районунун COVID-19 илдетине чалдыккан бейтаптары менен иш алып барган медициналык кызматкерлердин тийиштүү компенсациялык төлөмдөрүнүн кармалышы келип чыккан.

Белгилесек, мындан мурда Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында медициналык кызматкерлерге тийиштүү кошумча төлөмдөрдүн кармалуусу тууралуу маселени карап чыгып, ага жол берген жооптуу жактарга карата тартиптик жаза иретинде чара кабыл алуу маселесин тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий