• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров Чүй облусунда эки заводдун курулушуна капсула салды

Өкмөт 0

Бишкек, 22.04.23./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Кант шаарында “Кант ТШИ” (труба-шифер ишканасы) заводунун жаңы линиясынын имаратынын жана Ысык-Ата районунун Ивановка айылында “Асыл-Таш” керамика” заводунун имаратынын пайдубалына капсула салууга катышты.

“Кант ТШИ” заводунун кеңейишине катышкан МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров, Кыргызстан сырьёлук базага - кум, шагыл, топурак, гипс, мрамор, гранит ж.б. курулушка керектүү байлыктарга ээ экенин айтып, жакынкы жылдарда өлкөдө ири курулуштар жүрөөрүн, заводдон чыкчу продукциялар өзүбүз үчүн абдан зарыл болорун жана “Кант ТШИ” заводун модернизациялоого, кеңейтүүгө Министрлер Кабинети кызыкдар экенин белгиледи.

“Ушул заводдон чыккан продукциялар менен илгери Алматы, “Байконурга” чейинки курулуштар салынган. Азыр дагы трубалар, шиферлер, плиталар эл аралык талаптарга жооп берет, ЕАЭСтин реестрине кирген. Заводдо ISO стандартына шайкеш келген өзүнүн лабораториясы бар. Демек, завод – ички гана муктаждыкка эмес, экспортко багытталган ири ишкана. Биз цемент, шифер, кирпич ж.б. курулуш материалдарынын жаңы линияларын ачууга, алардын экспортун көбөйтүүгө, мамлекеттик инвестиция жасоого даярбыз”, - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, “Кант ТШИ” заводунун жаңы линиясы автоклавдык газ бетон өндүрөт. Долбоордун жалпы суммасы 12,1 млн АКШ долларын түзсө, анын 8,5 млн АКШ долларын Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду каржылап жатат. Муну менен кошумча 120 жумуш орду ачылат жана өлкөгө жылына салыктык жана социалдык чегерүүлөрдөн 100 млн сомдон ашуун киреше түшөт.

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров ошондой эле, “Асыл таш” керамика” заводунун курулушуна капсула салып жатып, 7 млндон ашкан өлкө калкынын 60%ын жаштар түзөөрүн, мына ошол жаштарга ушундай завод-фабрикаларды ачуу менен жумуш орундарын түзүү, экономика түзүүчү ишканаларды ачуу, колдоо жана өнүктүрүү мамлекеттин башкы артыкчылыгы болуп жатканын белгиледи.

“Завод ызы-чуу эмес – тынч, зыяндуу таштандыларды чыгарбайт. Заманбап технология менен иштеген келечектин заводу болот. Заводдун мамлекетке тийгизген пайдасы эбегейсиз чоң болот. Мамлекетке салыктык жана социалдык чегерүүлөрдөн ири кирешелер түшөт. Завод – ички гана муктаждыкка эмес, экспортко багытталган ири ишкана болот. Бир жагынан, токтоп турган ишкананын ордун кайра жандандырып жатканыңыздар үчүн рахмат. Экинчи жагынан, заводду эң жакшы жерге салып жатасыздар. Логистикалык жактан стратегиялык точкада турат – түндүк түштүк жолу өтөт, экспортко чыгарууга Кара дарыя жакын, темир жол станциясы бар. Сырье жактан – карьер жаныңарда”, - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, “Асыл-Таш” керамика” заводу карапа такта жана керамогранит өндүрөт. Завод ишке киргенден тартып 300гө жакын адам жумуш орду менен камсыз болот. Жумушчулардын 70-80% жергиликтүү элден алынып, калганы инженерлер, технологдор, программисттер ж.б. адистер болот. Бул долбоордун жалпы суммасы 34,6 млн АКШ долларын түзсө, анын 25 млн долларын Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду каржылап жатат.

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров, завод-фабрикалар менен ишканалар бардык техникалык, экологиялык жана санитардык нормаларды сактоо менен курулуп, иштетилиши керектигин баса белгиледи. Ал эми мамлекет тарабынан өлкө бюджети үчүн салык жана социалдык төлөмдөрдү төлөгөн ата мекендик ишканалар өзгөчө колдоого алынаарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий