• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Муса Жаманбаев Өзбекстандын транспорт министри менен кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 22.04.23./Кабар/. Бүгүн, 22-апрелде Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаевдин Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы транспорт тармагындагы кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги боюнча пикир алмашуу болуп, жогорку деңгээлдеги сапарлардын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун негизги жана артыкчылыктуу маселелер жана эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволорунун ортосундагы жол картасынын аткарылышы каралды.

"Өзгөчө Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жол долбоорун тезирээк ишке ашыруунун мааниси белгиленип, тараптар транспорттук логистиканы мындан ары өнүктүрүү жана эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарын көбөйтүү маселелерин талкуулашты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий