• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров ичүүчү сууну сугат суу катары пайдалангандарга айып салууну карап чыгууну тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 03.07.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы жана Чүй облусунун Аламүдүн районундагы “Орто-Алыш” жана “Башкара-Суу” суу топтоочу жайларынын иши менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Таанышуу маалында суунун аз агып киришинен улам жогорудагы суу топтоочу жайлардагы скважиналар толтурулбай, андан улам борбор калаанын бир катар калктуу конуштарына суу толук берилбей жатканы айтылды.

Министрлер кабинетинин өрагасы бул көйгөйдү комплекстүү чечүү керектигин белгиледи.

“Келээрки жылы дагы абал ушундай болот урган болсо, жыл сайын суунун келишин күтүү убаракерчилик. Суу – адамдын табигый муктаждыгы. Аба ырайынын шарттарына таасирин тийгизбей турган туруктуу каскад форматындагы резервуар болушу керек. Кошумча скважиналарды жана суткалык бассейндерди каржылоого даярбыз, эсептөөлөрдү жана көрүнүштөрдү бериңиздер. Элди суусуз калтыруу мүмкүн эмес”, – деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле ичүүчү сууну сугат суу катары пайдалангандыгы үчүн айып пулду карап чыгууну тапшырды.

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын бир жашоочусу үчүн сууну пайдалануу өлчөмү суткасына 170 литр суу деп эсептелсе, бирок ал суткасына 1000 литрден ашуун суу керектелип жатканын белгиледи.

МинКаб Төрагасы суу эсептегичтерин орнотууну тапшырып, ал эми тарифтерди электр энергиясындагыдай дифференциялоо керек.

Ал ошондой эле бардык ээси жок скважиналарды реконструкциялоо үчүн мамлекеттин балансына өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров бир жумалык мөөнөттө суу сактагыч курула турган жерди аныктоо үчүн инженердик эсептөөлөрдү берүүнү, ошондой эле гидрогеологиялык карталарды санариптештирүү үчүн зарыл болгон эсептөөлөрдү жүргүзүүнү тапшырды.

“Бир жуманын ичинде мага бардык скважиналардын облустар менен райондордун контекстиндеги картасын бергиле, аларды санариптештирүү жана президенттин администрациясынын Кырдаалдык борборуна туташтыруу керек”, – деп тапшырма берди МинКаб Төрагасы.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок жана Селекция айылдарынын тургундары менен жолукту.

“Маселе менен жеринде таанышуу үчүн атайын келдим, чечүү жолдору бар, биз бул багытта иш баштадык. Бизге убакыт бергиле жана 2-3 жылдын ичинде борборду дагы, Чүй облусун дагы толук суу менен камсыз кылуу маселесин толугу менен чечебиз”, – деп жыйынтыктаган министрлер кабинетинин төрагасы Бишкек шаардык мэриясына бир жуманын ичинде график боюнча көрсөтүлгөн айылдарды таза суу менен камсыздоо маселесин чечүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий