• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эл аралык спорттук мелдештерге катышуучу курама командаларынын түзүмү бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 12-июль /Кабар/. 2017-2020-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын эл аралык спорттук мелдештерге катышуучу курама командаларынын түзүмү бекитилди. Тийиштүү чечим 11-июль, шешембиде, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекованын катышуусу менен өткөн 2017-2020-жылдар аралыгындагы Кыргыз Республикасынын эл аралык спорттук мелдештерге катышуучу спортчуларынын курама командаларын камсыз кылуу жана даярдыктар боюнча өткөн жыйындын жүрүшүндө кабыл алынды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү атамекендик спортту өнүктүрүүгө анын ичинде жаш өспүрүмдөрдүн спортун ар тараптуу өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт. Негизги көңүл турмуштук оорчулукка карабастан, спорт менен активдүү алектенген, республиканын намысын эл аралык мелдештерде коргогон ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоого бурулат», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова.

Жыйындын жүрүшүндө уюштуруу комитети 2017-2020-жылдар аралыгында өтүүчү эл аралык спорттук мелдештердин комплектүү түзүмүн карады.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова уюштуруу комитетинин мүчөлөрүнүн көңүлүн спорттук кийимдерди даярдоодо анын сапатына көңүл буруу зарылдыгын баса белгиледи.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен 2017-жылдын 8-июлунда алдыда өтүүчү эл аралык спорттук мелдештерге Кыргыз Республикасынын курама командаларын катышуусун камсыз кылуу жана даярдоо боюнча уюштуруу комитети түзүлгөн.

Жыйындын соңунда 2017-2020-жылдар аралыгында өтүүчү эл аралык спорттук мелдештердин комплектүү түзүмү бекитилди.

-2017-жылдын 18-30-июлунда Түркия Республикасынын Самсун шаарында XXIII жайкы Сурдолимпиядалык оюндар,

- 2017 -жылдын 17-20 сентябрында Түркмөнстан Республикасынын Ашхабат шаарында жабык жайдагы алышуу искусствосу боюнча V Азия оюндары;

- 2018-жылдын 9-25-февралында Корея Республикасынын Пхёнчан шаарында XXIII кышкы олимпияда оюндары;

- 2018-жылдын 9-18-мартында Корея Республикасынын Пхёнчан шаарында өтүүчү XII Паралимпиядалык оюндар;

- 2018-жылдын 11-23-сентябрында Аргентинын Буенос-Айресосе шаарында өтүүчү балдардын жайкы олимпияда оюндары;

- 2018-жылдын 5-20-сентябрында Индонезиянын Джакарта жана Палембанг шаарларында өтүүч жайкы Азия оюндары;

- 2019-жылдын, 2-12-мартында Россия Федерациясынын Красноярск шаарында XXIX кышкы универсиада;

- 2019-жылдын 19-30-июлунда Италиянын Неаполь шаарында өтүүчү XXX жайкы универсиада;

- 2020-жылдын 10-19-январында Швейцариянын Лозанна шаарында өтүүчү III өспүрүмдөрдүн кышкы олимпиядалык оюндары;

- 2020-жылдын 24 июлунан 9 августуна чейин Япониянын Токио шаарында өтүүчү XXXII жайкы Олимпияда оюндары.

Пикир

Оставить комментарий