• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров кабинет мүчөлөрүнө жаңы идеялар жана чечимдерди сунуштоого чакырды

Өкмөт 0

Бишкек, 13.07.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги астында министрлер кабинетинин кезектеги отуруму болуп, жыйындын күн тартибинде 15 маселе каралды.

Кеңешмеде негизинен буга чейин бекитилген ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча чечимдер кабыл алынды.

Негизгилерине токтоло турган болсок, Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагынын “Сандалаш” участогунун түндүк-чыгышында жайгашкан жалпы аянты 19 396 га жерди “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери” категориясынан “Запастагы жерлер” категориясына которулду.

Бул багытта Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине жерди туура пайдаланууда дыкат иш алып барууну тапшырды.

Министрлер кабинетинин дагы бир чечими менен “Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.

Бул токтом жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашырууну жакшыртуу максатын көздөйт.

Жыйындын жүрүшүндө ошондой эле “Майлуу-Суу лампа заводу” ачык акционердик коомунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатын көздөгөн чечим кабыл алынды. Ага ылайык аталган коомдо ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонддон Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагына өткөрүлдү.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жыйындын соңунда кабинет мүчөлөрүнө буга чейин бекитилген ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизбестен, жаңы идеялар, жаңы чечимдер менен токтом долбоорлорун сунуштоого чакырды. Акылбек Жапаров ошондой эле жумуш сапар менен чет мамлекеттерге чыгып келгенден кийинки отчеттуулук жогорку деңгээлде болушун баса белгиледи.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин кийинки отуруму 2023-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгаруу жөнүндө болот жана анда мамлекеттик ведомстволордун аткарган ишмердүүлүгүн кароо боюнча дагы маанилүү маселелер коюлат.

Пикир

Оставить комментарий