• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров: Конституция өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн, мамлекеттик бүтүндүгүнүн негизи

Өкмөт 0

Бишкек, 11.05.23. /Кабар/. Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чарада министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөдү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чара республиканын негизги мыйзамынын кабыл алынуу жана өнүгүү тарыхын көрсөткөн тасма менен башталды.

Министрлер кабинетинин төрагасы сөз сүйлөп жатып, кыргызстандыктарды жана Жогорку Кеңештин депутаттарын дагы бир жолу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады.

"1990-жылы апрелде «легендарлуу парламенттин» депутаттары шайланып, 1993-жылдын 5-майында өлкөбүз эгемендүү мамлекет катары Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясын расмий түрдө кабыл алган", - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы «Өлкөнүн башкы мыйзамында эгемендүүлүктүн, эл бийлигинин, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнүн, мыйзамдуулуктун жана демократиянын принциптери бекемделгенин» баса белгиледи.

«Конституция өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн жана мамлекеттик бүтүндүгүнүн негизи. Мамлекетибиздин башында кыргыз элинин бийик деми турат. Демек, кайсы доордо болбосун Конституциянын негизги өзөгү эркин эл жана анын жыргалчылыгы болгон жана болуп кала берет», - деди ал

Акылбек Жапаров глобалдык коронавирустук пандемияга, соода-экономикалык каатчылыктарга, экономиканы өнүктүрүүгө багытталган жагымсыз чараларды көрүү менен байланышкан оор мезгилдерге карабастан, мамлекет өнүгүүнүн ишенимдүү жолуна түшө алганын кошумчалады.

«Биз Кыргызстаныбызды гүлдөгөн мамлекетке айландырууга умтулабыз. Ал эми президент белгилегендей, Конституциябыз улуттук жана мамлекеттик көз карандысыздыктын жана демократиялык өнүгүүнүн символу болуп кала берсин», - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий