• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Абылгазиев: Өкмөт жашыл экономиканы түзүү боюнча дүйнөлүк саясатты колдоого бекем багыт алды

Өкмөт 0

Бишкек, 10.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жашыл экономиканы түзүү боюнча дүйнөлүк саясатты колдоого бекем багыт алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев ири эл аралык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.

Премьер-министр белгилегендей, бүгүнкү жолугушуу маанилүү тема болгон - органикалык айыл чарбасынын экспорттук потенциалын өнүктүрүү жана жогорулатууга арналган.

«Биз бардыгыңыздарды органикалык айыл чарба улуттук программасы менен тааныштыруу үчүн гана эмес, сиздер бул тармактагы өзүңүздөрдүн эл аралык тажрыйбаңыздарга таянып, сунуштарыңыздарды берүүңүздөр жана биз үчүн маанилүү бул программага мындан ары түздөн түз катышууңуздар үчүн чакырдык», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, программаны иштеп чыгууда биз республика жогорку атаандаштык жана динамикалуу өнүгүп жаткан дүйнөлүк рынокко айыл чарба продукциясын сунуштай алары тууралуу жөнөкөй, бирок кыйла атаандаштык логикага таянабыз.

«Биз мында өнүктүрүү, анын ичинде органикалык айыл чарбасын мамлекеттик колдоо аркылуу зор потенциалды көрүп турабыз. Кыргыз Республикасы – бул берекелүү жери бар, абасы жана суусу таза уникалдуу өлкө. Акыркы жылдары бизде эмгекти жана жерди сүйгөн дыйкандардын классы калыптанды. Дал ушул биздин дыйкандарыбыз, алардын тажрыйбасы, алардын жерге, сууга жана абага болгон аяр мамилеси экологиялык айыл чарбасын өнүктүрүүдө ийгиликтин тиреги жана кепилдиги болот», - деди Премьер-министр. – Биз экология тармагында глобалдык дүйнөлүк трендди өнүктүрүүдө түзүлүп жаткан тенденцияларды изилдедик. Акыркы жылдары экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясына келечектүү жана динамикалуу суроо-талаптын өсүүсү байкалып жатканы айкын. БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун маалыматы боюнча суроо-талаптын жылдык өсүүсү 14% түзөт. Бирок, көптөгөн өлкөлөр индустриялаштыруу мезгилинде таза жерди сактап кала алышкан эмес жана анын тартыштыгын сезишүүдө».

Премьер-министр баса белгилегендей, органикалык айыл өндүрүшү экспортун көбөйтүү боюнча программа айыл чарба продукциясын экспорттоонун негизги маселелерин, ириде, көлөм, сапат жана баа көйгөйлөрүн чечүүнү шарттайт.

«Буга катар Өкмөт органикалык продукциянын өлкөлүк стандарттары дүйнөгө таанылышы максатында аны эл аралык стандарттар менен ылайыкташтыруу боюнча ишти улантат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчынын айтымында, Өкмөт ошондой эле эл аралык аккредитациясы бар заманбап сынамык лабораторияларды түзүү боюнча күч-аракетин улантат.

«Биз эл аралык сапат стандарттарын киргизүүчү эл аралык сертификатташтыруу органдарын ишке тартууну каалайбыз. Дал ушул эл аралык сертификатташтыруу органдары жалпы өлкөнүн масштабы боюнча айыл чарба жерлерин сертификатташтыруу боюнча комплекстүү ишке активдүү катыша алат», - деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Өкмөт практикалык окутуу боюнча жемиш питомниктерин жана окуу борборлорун түзүүдө көмөк көрсөтүүгө даяр.

«Биздин жалпы милдет – жогорку кошумча нарктуу продукцияны гана экспорттоо. Ошондуктан айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү заманбап линиялар түзүлөт, алар толук көзөмөлдөнүп, сапаттуу сырьелук база менен жетиштүү көлөмдө камсыздалат. Биздин фермерлер өз-ара пайдалуу контракттык негизде, район жана облустар масштабында кайра иштетүүчүлөрдүн талаптары жана стандарттары боюнча продукция өстүрүшөт», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. – Биз өлкөлүк брендди түзүүгө чоң маани беребиз. Эл аралык кызматташтыктын логикалык жыйынтыгы катары экспорттолуучу продукциянын сертификатталышы болушу керек».

Өкмөт башчы маалымдагандай, аталган максаттарды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн Өкмөт тараптан органикалык жер иштетүүнү өнүктүрүү боюнча чет элдик тажрыйбалуу адистерди тартуу менен ведомство аралык жумушчу топ түзүлөт.

«Биздин Өкмөт жашыл экономиканы уюштуруу жана климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөш алкагындагы милдеттерди аткаруу боюнча дүйнөлүк саясатты колдоого ишенимдүү багыт алды. Биздин гидроресурстар, күндүн жогорку активдүүлүгү, энергиянын жаңырып туруучу булактарынын потенциалы республиканын абага зыяндуу газдарды чыгаруудан толугу менен баш тартышына мүмкүндүк берет, бул жалпы аймактын экосистемасынын туруктуулугун колдоого көмөк көрсөтөт», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Андан соң Премьер-министрдин эл аралык компания өкүлдөрү менен маектешүүсү орун алып, анын жүрүшүндө Өкмөт башчы аларды кызыктырган суроолорго жооп берди.

Пикир

Оставить комментарий