• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте маданият тармагынын 2023-жылдагы жетишкендиктерине арналган отчеттук концерти болду

Өкмөт 0

Бишкек, 30.12.23./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрына барды, анда маданият тармагынын 2023-жылдагы жетишкендиктерине арналган отчеттук концерти болуп өттү.

Иш-чарага маданият жана искусство чөйрөсүндөгү көрүнүктүү ишмерлер, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик кызматкерлер катышты.

Концерттин алкагында академиялык опера жана балет театрынын артисттери жана симфониялык оркестри, Бишкек шаардык мэриясынын симфониялык оркестри жана М. Абдраев атындагы мектептин симфониялык оркестри тарабынан классикалык опера жана балет чыгармаларынан үзүндүлөр аткарылды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров өз сөзүндө чогулгандарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, аларга бакыт, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалады.

“Өтүп бараткан 2023-жыл – өлкөнүн өсүшү үчүн фундаменталдуу өбөлгөлөрдү түптөө, стратегиялык чечимдерди кабыл алуу, жүздөгөн мектептерди салуу, коррупциянын, уюшкан кылмыштуулуктун тамырын кыркуу, санариптик контролдор, социалдык чөйрөнү колдоо, элдин ишенимин жогорулатуу, коргоо-коопсуздукту чыңдоо сыяктуу демилгелүү иштердин жемиштүү жылы болду. Кыргызстаныбыздын укуктук талаасы бекемделип, чек аралары чечилип баштаган жыл болду. Бул жыл экономика тармагында да чоң жетишкендиктердин жылы болду, өлкөнүн ИДПсы 1 триллион сомдон ашты, бюджет 577 миллиард сомду түздү”, - деди ал.

Акылбек Жапаров 2023-жыл маданият тармагындагы жаңылануулардын жылы болгонун улантты. 2019-жылы маданият тармагына бюджет 2,1 миллиард сомду түзсө, 2023-жылы 7 миллиард сом бөлүнүп, бюджет 4,2 миллиард сомго көбөйгөн.

Маданий кызматкерлердин кийимдерин жаңыртуу, жаңы музыкалык аспаптарды сатып алуу, материалдык-техникалык базаны чыңдоо үчүн президенттик фонддон да, республикалык бюджеттен да кошумча 725 миллион сом бөлүнгөн.

“Маданиятка таандык имараттар, китепкана, кинотеатрлар, стадиондор оңдолду, цирк жаңырууда. 5-6 жылдын ичинде кыргыз маданиятынын экинчи ренесансы, кыргыз кереметтери жаралышына шарттарды түзүп жатабыз. Биз таланттуу артисттерди колдоону, маданият тармагынын инфраструктурасын өнүктүрүүнү уланта беребиз”, - деди МинКаб Төрагасы.

Пикир

Оставить комментарий