• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Вице-премьер: Эл айрым дарыларды 50% жеңилдик менен алууга болоорун билүүсү тийиш

Өкмөт 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Эл айрым дармектерди 50% жеңилдик менен алууга болоорун билүүсү тийиш. Бул дагы камсыздандыруунун оңдуу жагын көрсөтөт. Бул тууралуу КРнын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) коллегиялык жыйынына катышып жатып билдирди.

Өмүрбекова белгилегендей, 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Фонддун ишинде көп оңтойлуу жактар, ошондой эле канааттандырарлык эмес учурлар дагы бар.

«Бардыгыбызга дарыканалардагы жогорку баалар белгилүү жана аталган программалардын бул деңгээлде ишке ашырылышы мүмкүн эмес. Буга байланыштуу медициналык дармектердин тизимин табууга мүмкүн болгон дарыканалардын дарегин жана сатуучуларды көрсөтүүчү так жана түшүнүктүү ресурсту иштеп чыгууну өтүнөм. Бул жалпыга жеткиликтүү болушу шарт. Эл айрым дармектерди 50% жеңилдик менен алууга болоорун билүүсү тийиш. Бул дагы камсыздандыруунун оңдуу жагын көрсөтөт», - деп эсептейт вице-премьер-министр.

Мындан тышкары, Алтынай Өмүрбекова ММК Фондунун иши жөнүндө калктын начар маалымдалышына байланыштуу 2018-жыл жыйынтыгы боюнча Жеке ишеним көрсөткүчү жана Калктын ишеним көрсөткүчү төмөндөгөнүнө басым жасады. Тактап айтканда, ММК Фондуна Жеке ишеним көрсөткүчү 44,7 ден 37,5ке чейин төмөндөгөн, ал эми Калктын ишеним көрсөткүчү 35,2 ден 28,5ке чейин төмөндөгөн. Бул багытта ишти жакшыртуу зарыл.

Вице-премьер-министр кошумчалагандай, киргизилген «Анкеталаштыруу» программалык камсыздоосун өркүндөтүү керек. Поликлиникаларда бейтаптар үчүн кабыл алуудан кийин дарыгердин иш сапатына дароо электрондук форматта баа берүү мүмкүнчүлүгү болушу керек.

Жыйынтыгында Алтынай Өмүрбекова ММКФ 2019-жылы чече турган милдеттерди белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий