• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлөт

Президент 0

Бишкек, 30.12.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында аныкталган административдик-аймактык түзүлүштү өркүндөтүү, учурдагы реалдуулукка, коомдун керектөөлөрүнө жана келечектеги чакырыктарга ылайык келген башкаруунун жаңы системасын түзүү боюнча милдеттерди чечүүгө багытталган.

Административдик-аймактык реформанын негизги максаты региондордун социалдык-экономикалык жана табигый-ресурстук потенциалын сарамжалдуу пайдалануунун негизинде айыл аймактарында жана шаарларда социалдык-экономикалык кырдаалды жакшыртуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, башкарууда түзүмдүк өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу, калктын бакубаттуулугун камсыздоо болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын учурдагы административдик-аймактык түзүлүшү башкаруунун төрт деңгээлдүү системасына негизделген: республикалык, облустук, райондук жана айыл аймактары жана шаарлар. Өлкөнүн административдик-аймактык бирдиктери 7 облустан, 40 райондон, 32 шаардан, анын ичинде 2 республикалык маанидеги шаардан жана 452 айыл аймагынан турат.

Республика боюнча 452 айыл аймагынан 62 айыл аймагы бир гана айылдан турат, аларда калктын саны 148ден 10 870 адамга чейин түзөт. Ошол эле учурда өлкөнүн айрым райондорунда курамына он жана андан ашык айыл кирген айыл аймактары бар.

Өлкөдөгү мындай кырдаал айыл аймактарынын, шаарлардын социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууну жана заманбап башкарууну уюштурууну талап кылат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгынын алкагында бүткүл өлкө боюнча пилоттук режимде айыл аймактарын жана шаарларды ирилештирүү/оптималдаштыруу боюнча административдик-аймактык реформанын биринчи этабын ишке ашырууну милдеттендирет.

Пилоттук режимде ишке ашырылып жаткан Ысык-Көл облусунун Түп районундагы жана Нарын облусундагы административдик-аймактык реформанын оң натыйжалары региондорду өнүктүрүүдөгү тоскоолдуктарды жана башкаруу деңгээлдеринин ортосундагы ажырымдарды жоюуга, региондор аралык байланыштарды жакшыртууга, ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга жана айыл аймактарынын жана шаарлардын деңгээлинде административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жолу менен региондордо калктын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталып тандалган саясаттын туура экендигин ырастайт.

Административдик-аймактык реформа жүргүзүү боюнча эл аралык тажрыйба да кыйла жогорку потенциалга ээ региондук борборлордун айланасында административдик-аймактык бирдиктерди бириктирүү региондун социалдык-экономикалык абалына, маданиятына, соода байланыштарына жана калктын
өз ара мамилелерине олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келерин көрсөттү.

Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде бириктирилүүчү айыл аймактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишин натыйжалуу уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан айыл өкмөттөрүнүн жана айылдык кеңештердин ишин оптималдаштуруу боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.

Административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу калктын жана жергиликтүү кеңештердин жактыруусу менен өтүүдө, аймактардын деңгээлинде башкаруу системасын оптималдаштыруу башкаруунун санариптик методдорун колдонуу менен жүргүзүлүүдө.

2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында, Ысык-Көл облусунун Түп районунун жана Нарын облусунун айыл аймактарын ирилештирүү боюнча административдик-аймактык реформа жүргүзүү боюнча пилоттук долбоорлордун оң натыйжаларын бүткүл өлкөнүн масштабында жайылтуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

1..Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана республикалык маанидеги шаарлардын мэрлеринин Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айыл аймактарынын жана шаарларынын, Бишкек жана Ош шаарларынын деңгээлинде 2024-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча сунуштары ушул Жарлыктын
1–8-тиркемелерине ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча жол картасы ушул Жарлыктын
9-тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:
–.Кыргыз Республикасынын айыл аймактарын жана шаарларын ирилештирүү/оптималдаштыруу боюнча административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн натыйжасында бошогон муниципалдык кызматчыларды ишке орноштуруу, компенсацияларды төлөө жана кайра даярдоо маселелерин чечсин;
–.пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүү мезгилинде шаарлардын жана бириктирилген айыл аймактарынын курамына киргизилген айыл аймактарынын, калктуу конуштарынын депутаттарынын статусу алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин сакталат деп белгилесин;
– жергиликтүү деңгээлде калкка сапаттуу жана үзгүлтүксүз кызматтарды көрсөтүүнү камсыз кылсын жана муниципалдык кызматчылардын жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр болуп саналган жергиликтүү калктын потенциалын жогорулатуу боюнча туруктуу санариптик окутуу курстарын уюштурсун;
– пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүү мезгилинде жарандардын айыл чарба багытындагы жер участокторун – жер үлүштөрүн жана жайыттарды пайдалануу укуктарын сактоону камсыз кылсын;
– пилоттук режимде административдик-аймактык реформанын алкагында шаарларга кошулган калктуу конуштардын жаңы курулуш объекттери үчүн жерлерди трансформациялоого жана жер участокторун бөлүп берүүгө тыюу салсын;
– пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүү мезгилинде шаарлардын курамына киргизилген айыл аймактардын жана калктуу конуштардын жайыттарын райондордун жана облустардын карамагында калтырсын;
– пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүү мезгилинде бюджетти, коммуналдык кызматтар үчүн тарифтерди жана жалпы пайдалануудагы автомобилдик транспорт менен жүргүнчүлөрдү ташуунун акысын белгилөө боюнча ыйгарым укуктарды шаарлардын мэрияларына өткөрүп берсин;
– бийик тоолуу, жетүүгө кыйын, алыскы жана чек арага жакын аймактарды башкаруунун натыйжалуу системасын түзүүнү жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүүнү ишке ашырсын;
– Кыргыз Республикасынын айыл аймактарын жана шаарларын кайра уюштуруунун натыйжасында үнөмдөлгөн каражаттарды
Кыргыз Республикасынын бириктирилген айыл аймактарынын жана шаарларынын жергиликтүү бюджеттерине жумшасын;
– шаарлардын мэрияларынын, Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Талас жана Чүй облустарынын бириктирилген айыл аймактарынын аткаруу органдарына тиешелүү финансылык камсыз кылуу менен төмөнкүдөй ыйгарым укуктарды өткөрүп берсин:
мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча;
сугат жерлерине ээлик кылган жана пайдаланган адамдарга келишимдик шарттарда сууну эксплуатациялоо, күтүү жана бөлүштүрүү боюнча;
ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын комплекстүү тейлөө жана өнүктүрүү, жайыт жерлерин натыйжалуу башкаруу жана калктуу конуштарда тазалыкты камсыз кылуу үчүн муниципалдык ишканаларды түзүү боюнча;
– административдик-аймактык реформага байланышкан Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзам долбоорлорун 2024-жылдын 1-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
–.бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

Пикир

Оставить комментарий