• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан Афганистандын элине дээрлик 135 тонна гумжардам жеткирди

Коом 0

Бишкек, 30.12.23./Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен афган элине гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу КР УКМКнын маалымат кызматы билдирет.

2023-жылы КР УКМК Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте төрт гуманитардык акция өткөрдү. Кыргызстандык дарыгерлерди Афганистанга жөнөтүү менен ооган эли дары-дармек, тамак-аш, кийим-кече жана биринчи керектелүүчү товарлар менен камсыз болгон.

Жалпысынан Афганистанга, анын ичинде Герат провинциясынын жер титирөөдөн жабыркаган тургундарына дээрлик 135 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү.

2023-жылы Афганистанда болгон табигый кырсыктардан улам бул өлкөнүн калкы оор социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү башынан өткөрдү жана гуманитардык катастрофанын босогосунда турат, ошондуктан ал тышкы финансылык жана экономикалык жардамга жана бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун колдоосуна муктаж.

Афганистандагы кырдаалдын курчушуна жол бербөөнүн жана эл аралык коомчулуктун кайдыгерлигинен эл аралык террористтик уюмдардын ордосуна айландырбоонун маанилүүлүгүн түшүнүү менен Кыргызстан ооган элине реалдуу жардам көрсөтүү, аларга ар тараптуу жардам берүү, экономиканы жана коомдук-саясий абалды турукташтыруу үчүн керектүү азык-түлүк менен камсыз кылуу боюнча конкреттүү кадамдарды жасап жатат.

Бул боюнча 2023-жылдын 20-сентябрында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясында сүйлөп жатып, афган элине ар тараптуу гуманитардык жардам көрсөтүү чакырыгы менен эл аралык коомчулукка кайрылуу жасаган.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев да КМШнын жана Түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагында өткөрүлгөн эл аралык иш-чараларга катышуу учурунда катышуучуларды афган бийлигинин тартипти орнотуу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу аракеттерин колдоого чакырды.

Ооган бийликтери Афганистандын эл аралык бөлүнүп калуусун эске алып өз кезегинде Кыргызстандын президентине, өкмөтүнө жана элине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, бул окуяны тарыхый деп атады. Афган бийлигинин пикири боюнча, Афганистанда чет мамлекеттин делегациясынын болушу жана жүрүшү өтө маанилүү жана бул аймакта коопсуз шарттар түзүлгөнүн көрсөтүп турат.

Пикир

Оставить комментарий