• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЖКККББ майрам күндөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт

Коом 0

Бишкек, 30.12.23./Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) майрам күндөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, башкармалыктын башчысы Азамат Исраилов жер-жерлердеги жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрүнө онлайн кеңешме өткөрүп, майрам күндөрү жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө багытында төмөнкү тапшырмаларды койду.

  • Майрам күндөрү жарандардын коопсуздугун сактоо жана жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн, автобекеттерде жана соода сатык кылуучу базарлардын тегерегинде жана борбордук чоң көчөлөрдө жол тыгындарын жою үчүн, авто жана жөө кайгуулдарды уюштуруу;
  • Алыскы аймактарга каттаган такси айдоочуларына жүргүнчүлөрдү ташууда баардык коопсуздук эрежелерин сактоолоруна көзөмөлдү күчөтүү;
  • Жаңы жыл майрамы учурунда айдоочулар тарабынан ар кандай укук бузууларына, мас абалында транспорт каражаттарын башкарып алууларына жол бербөө максатында күчөтүлгөн тартипте рейддик иш-чараларды күчөтүү.

Пикир

Оставить комментарий