• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров: Кыргызстанда ири айыл чарба лизинг компаниясын ачуу пландалууда

Өкмөт 0

Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду менен биргеликте ири айыл чарба лизинг компаниясын ачуу пландалууда. Бул тууралуу «АгроТехЭкспо-2021» көргөзмөсү жана “Алтын күз” айыл чарба жарманкесинин салтанаттуу ачылышында президенттин администрациясынын жетекчиси – министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, компаниянын бюджети 3 млрд долларды түзөт.

“Азыркы учурда долбоордук иштери жүргүзүлүүдө. Иштин жүрүшү Россия тараптан делегациянын келиши менен аныкталат”, - деди ал.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин башчысы өз сөзүндө айыл чарба өкүлдөрүн алдыдагы кесиптик майрамы менен куттуктап, «АгроТехЭкспо-2021» көргөзмөсүнжана “Алтын күз” жарманкесин ачты.

Андан кийин Жапаров көргөзмө-жарманкеге коюлган техника жана продукцияларды көрдү.

Эскерте кетсек, Бишкектеги эски аянтта айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамынын алдында «АгроТехЭкспо-2021» көргөзмөсү жана “Алтын күз” жарманкеси ачылды.

Көргөзмө-жарманкеге 200дөн ашуун алдыңкы кыргызстандык жана чет өлкөлүк айыл чарба техникаларын жана айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар катышат.

Көргөзмө-жарманкеге айыл чарба техникалары жана акыркы заманбап айыл чарба технологиялар, айыл чарба жаныбарларынан асыл тукум мал жандыктар жана канаттуулар, мал чарбасында, өсүмдүк өстүрүүдө, кайра иштетүү өнөр жайындагы жаңы технологиялардын түрлөрү жана башкалар көрсөтүлөт.

“АгроТехЭкспо” көргөзмөсү 2012-жылдан бери өткөрүлүүдө. Көргөзмөнүн негизки максаты айыл чарба тармагындагы техникаларды жана өсүмдүктөрдүн сапаттуу үрөнү менен камсыздоо. Ошондой эле дыйкандарды өсүмдуктөрдү зыянкечтерден коргоочу каражаттардын, жер семирткичтердин сапаттуусун колдонууга жана асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө үйрөтүү.

Пикир

Оставить комментарий