• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров өлкөнүн токой чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 17.09.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн токой чарба кызматкерлерин кесиптик майрамына карата куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

«Урматтуу токой тармагынын кызматкерлерижана ардагерлери!

Токой кызматкерлеринин күнү кесиптикмайрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Токой кызматкерлеринин күнү — бул токойресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну жанабүтүндөй жаратылыш комплексин калыбынакелтирүүгө жана өркүндөтүүгө салым кошуугакатышкандардын майрамы болуп эсептелет.

Азыркы мезгилде климаттын өзгөрүшү, экологиялык коопсуздук, адам жашоосуна жагымдуучөйрө, биологиялык ар түрдүүлүктүн азайышы,жерлердин деградациясы башкы маселеге айланууда. Токойлор көмүртекти сиңирүү масштабы жана өзгөчөанын узак мөөнөттүү топтолушун жоюуда парник газдарын чөктүрүүнүн жана кармоонун эң ишенимдүүтабигый системасы катары таанылат.

Жаратылышты коргоо жана ага аяр мамиле кылуу коомдогу ар бир адамдын милдети экенин адамзат түшүндү! Анткени, баа жеткис бул капиталды башкаруубуз, бүгүнкү күндө жашап жаткандардын эле эмес, келечек муундардын да бакубат жашоосунаөбөлгө түзөөрү айкын.

Кыргызстандын токой тармагында өз ишинеберилүү менен жаратылыштын жана коомчулуктун алдында кесиптик милдетин ак ниет аткарып, тандап алаган кесибине ишенимдүү иштеп жатышкан жогорку квалификациялуу кызматкерлерди белгилөө өзгөчө жагымдуулукту жаратат.

Ак эмгегиңиздер жана тандап алган кесибиңиздерге берилип иштегениңиздер үчүн сиздерге ыраазычылык билдирем!

Токой тармагынын ар бир кызматкерине жана ардагерине чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык жана майрамдык маанай каалайм!»

Пикир

Оставить комментарий