• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Касымалиев: «Достук» бекетинин толук модернизацияланышы чек арадан өтүүнү 30 мүнөткө чейин кыскартат

Өкмөт 0

Бишкек, 08.10.22./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Достук» көзөмөл-өткөрүү пунктунун жана «Электрондук өткөрүү пункту» инновациялык долбоорунун ачылыш аземине катышты.

Министрлер Кабинетинин башчысы россиялык тарапка «Достук» көзөмөл-өткөрүү пунктун реконструкциялоого кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Андан соң Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев сөз сүйлөдү.

Ал белгилегендей, бардык бажы системасын реформалоонун негизги багыттары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталган.

«Кыргыз Республикасынын жетекчилиги тарабынан мамлекетте бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды жакшыртуу максатында өткөрүү пункттарын модернизациялоого жана чек арадагы көзөмөл функцияларын аткаруу үчүн заманбап техникалык каражаттар менен жабдууга өзгөчө көңүл бурулууда», - деди Төраганын биринчи орун басары жана мамлекеттик органдардын маалыматтык тутумдарын «Бир терезе» принциби боюнча интеграциялоонун эсебинен жүктөрдү өткөрүү убактысын 30 мүнөткө чейин кыскартуу пландалып жатканын белгиледи.

Адылбек Касымалиев ошондой эле чек ара өткөрүү пункттарындагы көзөмөлдүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана убакытты кыскартуу соода ишмердүүлүгүн жөнөкөйлөтүп, мамлекеттин жана бизнес-коомчулуктун убактысын жана каржылык чыгымдарын бир топ кыскартаарын белгиледи.

Өз кезегинде Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Кыргыз Республикасы Россия Федерациясынын ишенимдүү өнөктөшү жана союздашы экенин белгиледи.

«Биз көптөгөн эл аралык форматтарда кызматташабыз. “Достук” өткөрүү пунктунун ачылышы Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы тыгыз кызматташтыгыбызды билдирет. Бул бизге жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга, экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө, ар кандай чакырыктарга биргелешип жооп берүүгө мүмкүндүк берет. Биз биримдиктебиз. Ал эми бүгүн биз биргелешкен ишибиздин мыкты натыйжасын көрүп жатабыз жана мындан аркы кызматташууга умтулабыз», - деп жыйынтыктады Алексей Оверчук.

Маалымат үчүн: «Достук» көзөмөл-өткөрүү пункту ЕАЭБге кошулуу процессинин алкагында толугу менен реконструкцияланган.

«Электрондук өткөрүү пункту» өткөрүү пункттарын техникалык модернизациялоону, бизнес-процесстерди жөнөкөйлөтүүнү жана чек ара көзөмөлүн тездетилген жана натыйжалуу ишке ашыруу үчүн санариптик технологияларды киргизүүнү карайт.

Белгилей кетсек, буга чейин чек араны контролдоо процесстери кагаз журналдарын толтуруу менен кол менен жүргүзүлүп келген, техникалык каражаттар ташылган товарлар жана транспорт каражаттары боюнча бирдиктүү маалымат базасын түзбөстөн, өз алдынча иштеген, бул өз кезегинде чек арадагы мамлекеттик контролдоочу органдардын жөнгө салуу функцияларынын кайталанышына алып келген жана өткөрүү пунктунан өтүү үчүн 4 сааттан 11 саатка чейин убакыт талап кылынган.

Өз кезегинде «Электрондук өткөрүү пункту» өткөрүү ылдамдыгын жана өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга гана эмес, чек арадан өтүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө жана жасалма интеллект аркылуу процесстердин онлайн мониторингин да камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий