• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров: Министрлер кабинети ири өнөр жай ишканаларына колдоо көрсөтөт

Өкмөт 0

Бишкек, 10.06.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Текстиль транс» пахта продукциясын чыгаруучу фабрикасындагы жана «Интергласс» айнек чыгаруучу заводдогу өндүрүштүк процесстер менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Министрлер кабинети өндүрүштүн көлөмүн жогорулатуу жана калк үчүн жаңы жумуш орундарын түзүү максатында өнөр жай ишканаларына колдоо көрсөтөт. Түзүлүп жаткан Өнүктүрүү банкы ири өнөр жай ишканаларын каржылайт. Биз экономиканы башкаруудагы жаңы методдорду киргизүү менен улуттук экономиканы индустриализациялоого умтулуудабыз», - деди Акылбек Жапаров.

Токуу фабрикасына болгон иш сапарынын жүрүшүндө Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен «Текстиль Транс» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда текстиль фабрикасын өнүктүрүүнүн экинчи этабын ишке ашыруу үчүн 7,5 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү кредит бөлүү тууралуу кредиттик келишимге кол коюлду, натыйжада эмгек өндүрүмдүүлүгү 2,5 эсеге жогорулап, кошумча 200 жумушчу орун түзүлөт.

Бүгүнкү күндө «Текстиль Транс» тобуна төрт фабрика кирет.

«Интергласс» айнек заводу Борбордук Азиядагы флоат-айнек чыгаруучу эң ири ишкана болуп саналат, заводдун продукциясы эл аралык стандарттарга жооп берет.

Пикир

Оставить комментарий