• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров президенттин Түркмөнстанга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы тууралуу

Экономика 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. "Соода-экономикалык кызматташтык жана аны кеңейтүү боюнча кол коюлган документтер Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы экономикалык мамилелердин динамикасын арттырат ", - деди Министрлер Кабинетинин Төрага орун басары - Кыргыз Республикасынын экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров.

Анын айтымында, тилекке каршы, бүгүнкү күндө эки мамлекеттин ортосундагы соода жүгүртүү менен мактана албайбыз. Өткөн жылы товар жүгүртүү 2019-жылга салыштырмалуу 15-30 пайызга өскөнүнө карабастан, товар жүгүртүү көлөмү 11,7 миллион долларды гана түзгөн.

Акылбек Жапаров бүгүн эки өлкөнүн президенттери жакынкы аралыкта товар жүгүртүүнүн көлөмүн 10-20 пайызга көтөрүү милдетин койгондугун белгиледи. Бул үчүн уставдык капиталы 100 миллион АКШ доллары өлчөмүндө Кыргыз-түркмөн өнүктүрүү фонду түзүлдү. Министр аталган фонд жакын арада иштеп баштаарына үмүт артты.

«Мындан тышкары, түркмөн тарап Түркмөнстандын соода үйү үчүн имарат курууга даяр. Бул биздин өндүрүшчүлөр менен өнөр жайчыларга жакшы таасирин тийгизет деп ойлойм.

Ошондой эле Ысык-Көлдө ден соолукту чыңдоочу комплекси менен беш жылдыздуу мейманкана куруу пландалууда. Биздин делегацияны август айынын биринчи он күндүгүндө Түркмөнстанда ушул багыттагы долбоорлор кандай ишке ашып жаткандыгын көрүү үчүн чакырышты. Эгерде биздин делегация зарыл деп эсептесе, анда быйыл жыл бою иштей турган санаторийдин курулушу башталат», - деп билдирди Акылбек Жапаров.

Ал жалпысынан сапар ийгиликтүү болгонун баса белгиледи. Көптөгөн документтерге жана келишимдерге кол коюлду. Быйыл эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда 20 миллион АКШ долларынан ашуун каражатка макулдашууларга кол коюлган. Ошондой эле транспорттук логистика боюнча келишим түзүлүп, кыргыз тараптын өлкөгө газ жана электр энергиясын жеткирүү жаатындагы маселелери менен суроо-талаптары чечилди. Белгилүү болгондой, Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери бүгүнкү күндө эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өстүрүү боюнча бардык маселелерди чечишкен. Бул биз Түркмөнстандын газ жана электр рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүк алгандыгыбызды көрсөтүп турат. Ошентип, күзгү-кышкы мезгилде отун тартыштыгынын көйгөйүн чечүү мүмкүнчүлүгү бир топ жогорулады.

Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрага орун басары - экономика жана каржы министри каралган бардык маселелер жакын арада эки өлкөнүн ортосундагы жемиштүү кызматташтыктын негизи болуп калат деп ишенерин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий