• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл Кыргызстан Кытайга 10 миң тонна жаңгак экспорттойт

Экономика 0

Бишкек, 14.02.24. /Кабар/. 2024-жылы Кыргызстан Кытайга 10 миң тонна жаңгак экспорттойт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай аракеттер жаңгактын экспорттук потенциалын кеңейтүүгө жана Кыргызстандын продукциясы үчүн жаңы рынокторду издөөгө багытталган.

Белгиленгендей, экспорт 2024-жылдын январынан тарта башталып, учурда 500 тонна жөнөтүлдү.

Эскерте кетсек, жакында эле Анкарада өткөн кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынында Кыргызстандан Түркияга 400 тонна жаңгак экспорттоо боюнча келишим түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий