• 88.68
  • 95
  • 0.95

Маданият министрлиги менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси кызматташуу планына кол койду

Маданият 0

Бишкек, 14.02.24. /Кабар/. Бүгүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин ортосунда 2024-жылга карата биргелешкен кызматташуу планына кол коюлду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Документке маданият министри Алтынбек Максутов жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи Алексей Рогов кол коюшту.

Максаты — улуттук жана региондук деңгээлде тынчтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча жаштардын маалымдуулугун, потенциалын жана диалогун жогорулатуу жолу менен тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого көмөк көрсөтүү.

Кызматташуу боюнча иш-чаралардын планы көйгөйлөрдү тынчтык жана конструктивдүү жол менен талдоо жана чечүү боюнча жаштардын потенциалын жогорулатуу, жаштар иштери боюнча адистердин жана жаштар менен иштөө боюнча мекемелердин кесиптик потенциалын жакшыртуу, ошондой эле кесиптик билим берүүнү чыңдоо, региондук окуу курстарынын алкагында жаштар менен жаш мамлекеттик кызматкерлердин ортосунда диалог жана алдыңкы тажрыйба алмашуу жөнүндө пункттарды камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий