• 88.68
  • 95
  • 0.95

Дохада ЭКСПОнун алкагында Кыргызстандын улуттук күнү белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 22.01.24./Кабар/. Бүгүн Катар мамлекетинин Доха шаарында ЭКСПО 2023 "Жашыл чөл – эң жакшы айлана чөйрө" көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстандын улуттук күнү белгиленди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, иш-чаранын ачылышында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары – Кыргызстандын башкы комиссары С. Насирдинов сөз сүйлөдү.

Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясат министрлигинин жана Кыргызстандын Катар мамлекетиндеги элчилигинин көмөгү менен өттү.

Мындан тышкары, Катар мамлекетинин Доха шаарында министрдин орун басары Самат Насирдинов менен Hassad Food компаниясынын коммерциялык мамилелер жана коммуникациялар боюнча башчысы Мубарак Рашид Аль Саути жолугуп, Кыргызстандан Катарга айыл чарба продукциясын экспорттоо жана агроөнөр жай секторунда кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Эске салсак, 2024-жылдын 11-январында Катар мамлекетинин Доха шаарында футбол боюнча Азия Кубогу жана Доха ЭКСПО-2023 көргөзмөсүнүн алкагында, “Жашыл чөл – эң жакшы айлана чөйрө” аталышында экинчи "Кыргызстан" павильону ачылган жана ал 10-февралга чейин иштейт.

Ал боз үйдүн формасында жасалып, улуттук "калпак" баш кийими жана салттуу "шырдак" килемдери менен кооздолуп, ичи ата мекендик өндүрүүчүлөр өндүргөн кургатылган жемиштер, шире, бал, курут, ошондой эле колго жасалган самын ж.б. менен толтурулган. Павильондо бир ай бою өтө турчу концерттик программа үчүн сахна орнотулган.

Биринчи павильон үчүн жалпы аянты 900 чарчы метр жер тилкеси бөлүнүп берилген, анын ичинен 180 чарчы метри айыл чарба продукцияларын сатууга бөлүнгөн. Участоктун калган бөлүгү маданий жана улуттук аспектилерге ыктап, стилистикалык жасалгалоого арналган. Көргөзмөгө Кыргызстандын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн 20дан ашык компаниясы катышууда.

Иш-чара өлкөнүн айыл чарба, инвестиция, экономикалык жана климаттык маселелерин илгерилетүү үчүн мыкты эл аралык аянтча катары каралат. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Доха ЭКСПО 2023 "жашыл чөл, айлана-чөйрөнү жакшыртуу" боюнча өлкөнүн расмий өкүлү болуп саналат, министрдин орун басары Самат Насирдинов аталган иш-чаранын ыйгарым укуктуу Улуттук комиссары болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий