• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумга катышат

Өкмөт 0

Бишкек, 13.06.22./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумга катышат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Бишкекте өтүп жаткан эл аралык көп тармактуу ишкердик миссиясында билдирди.

Санкт-Петербургдагы мараакелик 25-экономикалык форум 15нен 18-июнь күндөрү өтөт. Иш чарага Египет конок өлкө катары катышат. Быйылкы эл аралык экономикалык форумдун башкы темасы "Жаңы дүйнө - жаңы мүмкүнчүлүктөр" болмокчу.

Белгилей кетсек, Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форум 1997-жылдан бери уюштурулуп келет. Жыл сайын иш-чарага катышкандардын саны 10 миң адамдан ашат, алар дүйнөнүн 120 өлкөсүнөн келет. Форумдун негизги аудиториясы - россиялык жана чет өлкөлүк ири компаниялардын башчылары, мамлекет башчылары жана саясий лидерлер, өкмөттүн төрагалары, вице-премьерлер, министрлер жана губернаторлор.

Пикир

Оставить комментарий