• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Сауд Аравиянын ТИМ башчысынын орун басарын кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сауд Аравия Королдугунун тышкы иштер министринин орун басары Валид Аль-Хурейжини кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, туризм, гуманитардык жана башка тармактардагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, кыргыз-сауд саясий диалогунун учурдагы абалы жана өнүгүү келечегин талкуулап, көп тараптуу жана аймактык күн тартибин талкуулашты.

Мындан тышкары, тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мазмундуу сүйлөшүү өткөрүштү.

Бул багытта министрлер кабинетинин төрагасы Сауд Аравия Королдугунун инвестициялар министри Халид Аль-Фалихтин Кыргызстанга келиши жана анын алкагында кыргыз-сауд кызматташтык боюнча биргелешкен комитетинин кезектеги 4-жыйыны өткөрүлүшү күтүлүп жатканын белгилеп, анын алкагында кыргыз-сауд бизнес форумун уюштуруу пландалып жатканын кошумчалады.

Өз кезегинде тышкы иштер министринин орун басары эки тарапты кызыктырган бардык чөйрөлөрдө кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастады.

Жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн түз өз ара аракеттенүүсүнө көмөктөшүү, маалымат алмашуу, эки өлкөдө өтүүчү көргөзмөлөргө катышууну шыктандыруу боюнча макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий