• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте кыргыз-сауд ТИМдер аралык саясий кеңешмелердин II отуруму өттү

Саясат 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде кыргыз-сауд Тышкы иштер министрликтери аралык саясий кеңешмелердин II отуруму болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов, ал эми саудиялык тарапты тышкы иштер министринин орун басары Валид Аль-Хурейжи жетектеди.

Кеңешмелердин жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсү, аймактык жана глобалдык күн тартиби, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Тараптар ошондой эле азыркы учурда эки тараптуу мамилелердин динамикалуу жана жемиштүү өнүгүп жатканын белгилешип, саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Бийик жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу, ошондой эле үстүбүздөгү жылга көп тармактуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктоо зарылчылыгы өз ара белгиленди.

Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдөгү маселелерге токтолуп, Кыргызстан менен Сауд Аравия ортосундагы кредиттик макулдашуулар жана түз авиа каттамдар өз ара пайдалуу кызматташтыкты активдештирүүгө, ошондой эле соода жүгүртүүнүн өсүшүнө, туристтердин агымынын көбөйүшүнө жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга чоң өбөлгө түзөөрүн белгилешти.

Отурумдун жыйынтыгында эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрү жыл сайын министрликтер аралык саясий кеңешмелерди өткөрүп турууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий