• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Акылбек Жапаров өзбекстандык компанияларды чакан жана орто ГЭСтерди курууга чакырды

Өкмөт 0

Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өтүп жаткан «Кыргызстан - Өзбекстан» бизнес-форумунун жүрүшүндө өзбекстандык компанияларды Кыргызстанда чакан жана орто ГЭСтерди курууга чакырды.

Жапаров билдиргендей, Кыргызстан экологиядагы көйгөйлөрдү жана климаттын өзгөрүшүн эске алуу менен "таза энергетиканы" жайылтуу багытындагы кызматташууга кызыкдар.

"Биздин өлкө энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жогорку потенциалына ээ, алардын негизги түрлөрү гидроэнергетика, күн энергиясы, шамал энергиясы жана геотермалдык суу энергиясы болуп саналат. Биз өзбек компанияларына биздин өлкөдө чакан жана орто ГЭСтерди курууга катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайбыз. Бул биздин бүтүндөй аймак үчүн материалдык гана эмес, экологиялык дивиденддерди алып келе турган долбоорлор", - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, форум Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында өтүүдө. Анын жыйынтыгында болжол менен 168 млн долларлык 11 документке кол коюу күтүлүүдө. Расмий бөлүктөн кийин эки өлкөнүн ишкерлери бизнес-өнөктөштүктү түзүү жана кеңейтүү үчүн В2В жолугушуусун өткөрөт.

Маалымат үчүн: Бизнес-форум эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлеринин ортосунда ишкердик мамилелерди түзүү үчүн маанилүү окуя болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий