• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Акылбек Жапаров жана Дүйнөлүк банктын КРдагы директору кызматташтыкты талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 18.08.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу Өкүлчүлүгүнүн директору Навид Хасан Накви менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматына кабарлашты.

Жолугушууда экономика, энергетика, саламаттыкты сактоо, санариптештирүү, суу жана жер ресурстары тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Тараптар ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучулар кеңешинин ар жылдык кеэешмесине катышуу алкагында Вашингтон шаарына (Америка Кошмо Штаттары) сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселесин талкуулады.

Навид Хасан Накви министрлер кабинетинин башчысына алдыда өтүүчү Бишкек экономикалык форуму, ошондой эле Дүйнөлүк банктын операциялык иштер маселеси боюнча башкаруучу директору Аксель фон Тротсенбургдун иш сапары тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын кеңсесинин башчысы учурда беш жылдык мөөнөткө Стратегиялык өнөктөштүктүн алкактык макулдашуусу даярдалып жаткандыгы жана аны кыргыз тарапка 2023-жылдын биринчи кварталында сунуштоо пландалып жаткандыгын билдирди.

Өз кезегинде министрлер кабинетинин төрагасы алдыдагы форумду жогорку деңгээлде өткөрүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

«Биз Бишкек экономикалык форумун тийиштүү деңгээлде өткөрүүгө болгон күч-аракетибизди жумшайбыз. Аз убакыт калды, бардык тиешелүү мамлекеттик органдар ишке тартылат», - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий