• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров ККМге каршы нааразычылык акциясы чыккан ишкерлерди кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 14.06.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) ишке киргизүүгө каршы митингдин катышуучулары тарабынан жөнөтүлгөн ишкерлерди кабыл алды.

Жолугушууда министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, ККМ киргизилиши биринчи кезекте көмүскө экономиканын жана контрабанданын көлөмүн кыскартууга багытталган.

«Фискалдаштыруу жана санариптештирүү товарлардын кыймылын жана аларды эсепке алуу системасына ээ болуу үчүн киргизилүүдө. Ошол эле учурда биз диалогго даярбыз жана биргелешип өз ара пайдалуу макулдашылган чечимди издейбиз. Ишкерлерден жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлдү, биз бизнестин ар кандай критерийлеринин жана категорияларынын негизинде бардык варианттарды карап чыгабыз»,- деди Акылбек Жапаров.

Кеңешменин катышуучулары тарабынан контролдук-кассалык машиналарды киргизүү менен байланышкан көйгөйлөр, анын ичинде сатуунун көлөмүнө, чекене жана дүң соода сегментине, ошондой эле сатылып жаткан товарлардын жеке мүнөздөмөлөрүнө жана алынган маржага жараша белгиленген талаптарды кайра карап чыгуу зарылчылыгы жөнүндө көйгөйлөр айтылды.

Ошондой эле ишкерлер салык кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине жана жаңы салык мыйзамдарын билбегендигине көңүл бурушту. Өз кезегинде министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, ККМ ишке киргизүү жана салык процедураларын санариптештирүү бир нече баскычта өтөт.

«Биз салыкчыларды окутабыз, зарыл болсо салык кызматынын курамын жаңылайбыз, бирок товарларды эсепке алуу системасы иштеши керек. Буга чейин ар бир аймактын санариптик картасы түзүлүп, бардык аймактардан түшкөн маалыматтар Кырдаалдык борборго чогултулуп жатат. Сатып алынган товарлар үчүн эсеп-фактураларды алуу маанилүү, эгерде сиз спирт ичимдиктерин, тамекилерди жана дары-дармектерди сатуу менен алектенсеңиз, акысыз кассалык аппараттарды орнотуңуз. Калган шарттарды ишкерлердин бардык топтору үчүн ийкемдүү жана ыңгайлуу кылабыз»,- деп билдирди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Белгилесек, делегат катары жөнөтүлгөн ишкерлерден жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ 10 күн иштейт. Иштин жыйынтыгы боюнча соода түйүндөрүнүн ар биринин жеке өзгөчөлүктөрүнө жараша контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү жана колдонуу шарттары иштелип чыгат.

Пикир

Оставить комментарий