• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир суткада 27 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 18.08.22. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада 27 өрт кырсыгы катталды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 7, Ош шаарында 2, Чүй облусунда 8, Нарын облусунда 1, Ош облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 4, Баткен облусунда 2 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 28 бөлүм тартылган.

Алсак Бишкек шаарында Д. Садырбаев көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган 50 чарчы метр үйдүн чатыры, 2 жыгач терезе, кийим кечелер күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларды куроодо эреженин бузулушу.

Ошондой эле 6-кичирайонунда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү толугу менен күйгөн жана жанында турган Mazda Demio үлгүсүндөгү унаанын алдынкы бампери күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош шаарындагы Бекболаев көчөсүндөгү № 36806 аскер бөлүгүнүн каражаттарды сактачуу кампанын 25 чарчы метр дубалы жана 10 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий