• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Акыркы суткада COVID-19 инфекциясынан 42 жаран ажал тапты

COVID - 19 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Акыркы суткада COVID-19 инфекциясынан 42 жаран ажал тапты. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 9, Ош шаарында, 9, Чүй облусунда 9, Ош облусунда 3, Талас облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 4 адам илдеттен (пневмонияны эсепке алганда) каза тапты.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 24-июлга карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 31 миң 247ге жетти. Илдеттен жалпы 18 миң 38 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1211ди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий