• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акыркы суткада коронавирустан 5 адам каза тапты

COVID - 19 0

Бишкек, 15.10.20. /Кабар/. Акыркы суткада коронавирустан 5 адам каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте 1, Ош облусунда 2, Баткен облусунда 2 адам көз жумду.

Белгилей кетсек, 15-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 388 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 50 миң 589ду түзөт. Алардын ичинен 45 миң 80 киши айыгып чыкты, 1 миң 99 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий