• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ала-Бел ашуусунда жаратылыш газын ташыган унаа сууга кулап, айдоочу көз жумду

Кырсык 0

Бишкек, 20.06.19. /Кабар/. Бишкек – Жалал-Абад унаа жолунда жаратылыш газын ташып келе жаткан жүк ташуучу унаа сууга кулап, айдоочу көз жумду. Бул тууралуу жол милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн болжол менен саат 07:40та болгон. “DAF” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа 15 тонна жаратылыш газып ташып келе жаткан.

Белгилүү болгондой, айдоочу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып Чычкан дарыясына кулап түшкөн. Алган жаракаттардан улам айдоочу ошол жерден жан берген.

Газ сыртка чыккан эмес.

Пикир

Оставить комментарий